super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-АВГУСТ: АКШнын 42-президенти Билл Клинтон 70 жашка толду

 
АКШнын 42-президенти Билл Клинтон 70 жашка толду. Ал 1946-жылы 19-августта Арканзас штатында, Хоуп шаарында туулган. 1963-жылы Билл Клинтон жаштар делегациясы менен биргеликте Жон Кеннеди менен жолугуп кол алышкан соң жашоосун саясатка багыштоону чечкен.
Мектепти бүтүргөндөн кийин Клинтон Жоржтаундагы университетте окуган, андан кийин Вашингтондо, Оксфорддо, Йель университетинде билим алган. 1973-жылы Клинтон окуусун бүтүрүп Арканзаска кайтып, университетте үч жыл сабак берген.
1976-жылы штаттын башкы прокурордук шайлоосунда жеңишке жеткен. 1978-жылы АКШ боюнча эң жаш губернатор болгон. 11 жыл бою губернатор болуп штаттын кирешесин бир топ жогорулаткан. 1991-жылы президенттикке талапкерлигин койгон. 1992-жылы шайлоодо жеңип, АКШнын тарыхында эң жаш президент болгон. 1996-жылы экинчи ирет президент болуп шайланган. Билл Клинтондун башкаруу маалында өлкөдө жумушсуздуктун саны азайып, инфляция төмөндөп, экономика өскөн. 2000-жылы президенттик мөөнөтү аяктап, 2001-жылы анын ордун кичүү Жорж Буш ээлеген.
19-августтун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: