super.kg logo

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл китепке кирген жан-жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо экологиялык посту көзөмөлсүз калууда

 

Талас облусунун Кара-Буура районунун токой чарбачылыгындагы Кызыл китепке кирген жан-жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого алган экологиялык пост көзөмөлсүз калууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы кабарлады.

"Бул аймактагы корукта жапайы жаныбарлар жана канаттуулардын саны азайып кеткендигине байланыштуу аларды атууга жана кылтак салууга тыюу салынган. Ошондой эле токой чарба кызматкерлери тарабынан кайтарууга алуу милдети жүктөлгөн. Бирок аталган инспекциянын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Гүлзада Ибраимованын айтымында, буга чейин инспекторлор текшерүүгө алып, бирок токой көзөмөлсүз калып жатканынан кабар алышкан. Бул боюнча Талас облустук токой чарба жетекчилигине эскертүү каттары жиберилген. Көзөмөлдүк текшерүүнүн алкагында берилген эскертүүлөргө токой чарба адистери эч кандай чара көрүшпөгөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта бул боюнча мыйзам чегинде чара көрүү аракеттерин Талас облустук башкармалыгынын инспекторлору жүргүзүп жатышканын кошумчалашты инспекциянын басма сөз кызматы.

"Инспекторлордун айтымында, акыркы кезде жаныбарларга кол салгандар менен күрөшүү күчөдү. Кол салууга жол берилбеген жаныбарларга мергенчилик кылууну токтотуу аракеттерин көрүп жатабыз", - дешет Мамлекеттик экотехинспекциянын адистери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Караш керек кайдегер карабастан
19.08.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул посттон аркар кулжаларды үйүрү менен айдап өтсөда эчкимдин иши жоктой, качан өтсөң бош турат. Көзөмөл кылган эчким жок..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: