Баткенде жыгач материалдарын эч кандай документи жок Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткенде жыгач материалдарын эч кандай документи жок Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара кызматынын маалыматында “18-август күнү Баткен районунун Достук айылына жакын жерде аткезчилик жол менен кыргыз жараны коңшу Тажикстан өлкөсүнө 20 метр куб жыгач материалдарын алып өтүүгө аракет кылган. Анын жүккө тиешелүү эч кандай документтери болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жана аткезчилик жүк бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди” деп айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
STAN_KG

19.08.2016. 15:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээээ туугандар таанышы жок бирөөнү кармадыңарбы деп шектенип турам, далили жок шектенүү да болбойт эле, бирок Баткен, Кадамжай, Лейлек жолунда каз катар камаздар тизилип жыгачтарды ташып Таджикстанга кирүүдө. Лейлектин Кулунду аймагына тийиштүү Кайрагач айылында постун күн чыгыш тарабында көз көрүнөө катар катар камаздарын бирөөлөр тизип алып киргизип жатат, эмне аларды көрбөй жатасыңарбы?
RONNI

19.08.2016. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
STAN_KG,алардын крышасы бар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.