super.kg logo

Түркияда "адам өлтүрдү" деген шек менен кармалган кыргыз кызынын иши сотко өтө элек

 

18-августта Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчисинин кеңешчиси М.Абакиров "түрк жаранын өлтүрдү" деп шектелип кармалган К.Б. аттуу кыргыз кызына жолукту. Бул тууралуу элчинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта билдирди.

"Кыргыз жараны Түркиянын Конья шаарындагы кармоочу жайында. Жолугушууда шектүү окуя тууралуу бардык майда-чүйдөсүн айтып берип, ага тиешелүү консулдук-укуктук жардам жана консультация берилди. Ошондой эле анын мамлекеттик жактоочусу менен сүйлөшүүлөр болду. Жактоочу каралып жаткан иштин мындан кийинки процедуралары тууралуу айтып берди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө жана сотко чейинки тиешелүү процедуралары жүрүп, алар аяктаган соң соттук отурум болуп, жаза өтөө мөөнөтү аныкталары маалым болду.

"Элчи бул маселени көзөмөлдөп, соттук отурумга катышууну пландоодо", - деп кошумчалашты элчиликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: