super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: "17 жылдык эмгегим текке кеткендей болду, кыргыз элимден кечирим сурайм" дейт Арсен Эралиев (интервью)

 

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 59 килограмм салмакта килемге чыккан Арсен Эралиев коло медалга бир кадам жетпей калган. Балбан Олимпиада оюндары тууралуу өз пикирин SUPER.KG порталына билдирди.

- Арсен мырза, Олимпиададагы жыйынтыктар боюнча кандай ойдосуз? Алгачкы беттеште учурдагы Дүйнө чемпиону менен кармашууга туура келип калбадыбы...

- Олимпиада оюндарында оңой атаандаш болбойт, бирок кайсы мелдеш болбосун, алгачкы беттеш кыйын болот. Килемге учурдагы Дүйнө чемпиону менен түшсөм да аракет кылдым. Ошол эле балбан менен кийинки раунддарда жолукканда баары башкача болот эле...

- Кийинки беттеште Кытайдын балбаны Ванг Люминди оңой эле уттуңуз. Негизги сыноо 3-орун үчүн болгон беттеш болду окшойт...

- Ооба, коло медаль үчүн беттеш өзбек балбаны Эльмурат Тасмурадов менен болду. Бул беттеш боюнча ким кандай пикирде экенин билбейм, бирок мен калыстарды күнөөлөй албайм. Жоопкерчиликти өзүмө алам.

- Кандай жыйынтык чыгардыңыз?

- Мен 17 жыл бою спорт менен машыгып, дал ушул Олимпиада оюндарында медаль тагынууну максат кылгам. Ушунча жылдык эмгегим күйүп кетти десем болот. Эл ишенимин актай албаганыма ичим ачышып жаткан чагы. Акыркы күндөрү бөлмөдөн чыкпай жаттым. Даярдык жөнүндө эч жаман сөз айта албайм. Үй бетин көрбөй, көп убакыт сарптап, жакшы шарттарда машыктык. Мен утулганым боюнча жоопкерчиликти өз моюнума алам. Ушул себептүү элимден кечирим сурайм! Мени колдогон элимдин колдоосун сезип жаттым. Мага ишенгендер көп экенин билем. Эми мекенге кайтууга уятым чыдабай жатат.

- Ийгилик коштобогонун эмне менен байланыштырасыз?

- Ушуну менен экинчи ирет Олимпиада оюндарында байге ала албай жатам. Бул тагдыр го дейм.

- Эми карьераңызды улантуу же токтотуу боюнча кандай чечим кабыл алдыңыз?

- "Токио-2020" Олимпиадасына барарымды же барбасымды чече элекмин. Мекениме келип, дарыланып, анан спорттук карьерам тууралуу олуттуу чечим кабыл алам. Дагы бир жолу кыргыз элимден кечирим сурайм! Мага артылган үмүттү актай алган жокмун...

Кошумчалай кетсек, балбаныбыз алгачкы беттешинде учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулуп калган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн кармаш өткөрүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта алгач спортчубуз кытайлык балбан Ванг Люминди ишенимдүү жеңип алган (4:2 эсеби катталды). Ал эми коло медаль үчүн кармашта ага өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадов каршы турган. Бул беттеште калыс тарабынан бир катар катачылыктарга орун берилип, жыйынтыгында 13:8 эсебинде өзбекстандык балбан жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(45)
19.08.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Арсен менен Айсулуу женди калыстар калыстыгын кылбады даа бирок.
19.08.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бираз чапчанырак кылсан женет элен, Арсен. Назик кыздардай кыймылдагандай болдун. Сен кымыз ичип чонойдун да, кара куч бар ошого таянып ыкмага алганда аягына чейин тырышсан упай топтоп кетмексин.
Анан мамлекет тараптан да жакшы колдоо жок биздин спортчуларыбызга. Мындан улам спортчуларыбыздын кийинки олимпиада оюндарына эл-журт озу акча чогултсакпы деген да ой келип атат.
19.08.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
окуп алып ыйлагым келди. Эркек. Башты котор. сен мен чечпейбиз. Аллахтын буйругу бул
19.08.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иии алтыным антпечи биз сени дагы да жакшы коробуз, чыныгы эркексин сен кыргыз эли сени ар дайым колдойт,спортту таштаба.
19.08.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
За то допинг ичпей чыгыпсын, азаматсын, ошо жерге жетиштин озу да эрдик бизге!
19.08.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызтанда алтын коп жасап аласынар судягада бирди жасап бергиле ошондо ойлонор судя
19.08.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул деген оюн. Бирде утасын, бирде утуласын. Бул жолу албасан кийинкиде созсуз аласын. Кайгырба!
19.08.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сен эмнеге кечирим сурайсын ? Биринчи мамлекет сага шарт тузуп берсин анан Айсулуу экоондон алтын кутсун . Азыр бекер эч нерсе жок биринчи мамлекет силерди нормальный колдосун акча жагынан анан силерден алтын кутсун . Чондор отуруп акча жесин силер Риого барып кыйналып медаль учун курошкуло. Сен брат озунду алдырба сенин жузун жарык чем депутат министрлерге Караганда .
19.08.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Биздин спортсмендер олимпиадага эки уч ай калганда даярданышат ошого результат жок Озбектен женилгенин уят болду да [moderated]дан
19.08.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арсен молодец, жакшы эле тырыштын. Мен ишенем эмики Олимпиада алтынга жетесин. Озунду колго алып, белинди бекем бууп, башынды ойдо которуп, жакшы тилек кылсан, буйруса мээнетиндин жемишин аласын.
19.08.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чокпонуз... биз кандай болгон кундо да сиз менен сыймыктанабыз!
19.08.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чокпонуз... кандай болгон кундо да биз сиз менен сыймыктанабыз!
19.08.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсен байке негизи опутный екен елдер 2 балга иштеп атса ал ал 4 балга иштеп жатты азамат
19.08.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Калыстар туура чечим чыгарган жок. Аябай ичим ачышты. Азаматсын!!!!
19.08.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман ат кийин чапади дейт Арсен токиодо буйурса Алтын аласын уланта бер
19.08.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсен антип чокпо бул да болсо кудайдын буйругу тагдыр.Спортту таштаба бирде женилесин бирде женесин.Жыгылсан жер которот, жыксан эл которот.Мумкун кудай медалды 2020-жылга буйруп койгон.Башты бийик котор.
19.08.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинкиде жениш биздики болот, Арсен ! Антип озунду таштаба ! Сага ишенебиз !
19.08.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Эл намызын коргоп катышып келгенин озуу жениш.Жашоодо чыныгы адам бол.Алсыздарга жардам бер колунан келсе. Чыныгы эркексин азамат женилуунду башкага шылтабай озундон коргонун бул бийиктик. Чыныгы жениш озунду женуу экенин унутпа.Алда сенден дагы коп жеништерди кутобуз
19.08.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки ирет аракет жасап корупсун,учунчу иретта аракет жасап кор. Иншаллах ийгилик келер
19.08.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жыгылган курошко тойбойт деп илгертен айтылган.сен токио 2020 катышасын.башка вариант жок.Сен алтынга татыктуусун.умутун эч качан узулбосун.все к лучшему.Алтыным ииий абалынды тушунуп турам
20.08.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Элмурат Тасмуратов да оной эмес экен. Атаандашты сыйлай билиш керек. Жок эле жок биз утабыз дей бербей. Менимче калыстар туура эле чечим чыгарган. Арсен дагы да аракет кылыш керек
20.08.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсен багындырчу мелдеш алдыда.Азаматсын!Эмнеге уяласын келгенден,уялба!Тескерисинче спортчуларга шарт тузуп бере албаганыбыз учун биз уялышыбыз керек.Шартты тузуп коюп анан алтын,кумушторду умут кылалы.Башты бийик которушунуз керек.Баары жакшы болот.Сиз азаматсыз!
20.08.2016. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл сен мн сыймыктанат,эч ойлонбой дагыда болсо аракет кыла бер
20.08.2016. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пособие бергиле да жоноткуло арсен жакшы курошту токиого барсын алтын утсун. Духунарды тушурбой бираз уверенный дерзкий болсонор женесинер.
20.08.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен капаланба, эгер сенин оюндарынды корбогондо бизде кандайдыр бир ой калышы мумкун эле биз баарын коруп олтурдук демек сен биз учун чемпионсун. Сени кыргыз эли дайым колдойбуз анткени биз бир элбиз тилибиз бир каныбыз бир!
20.08.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ииии бечарам аяп кеттиииим((( Мен озум олимпиадага баргандай бетим чымырап кетти.Ар кандай жаман ой-пикиринерди жаза бербегилечи.
Азыр Арсенди Биздин жылуу созубуз гана катуу стресстен чыгара алат.Колдоо корсотолу соз менен,колубуздан эч нерсе келбеген сон.Доодуроп жазгандар:Биринчи силер Кыргызстанда коло медаль алып алгылачы анан сындагыла.Арсен,чокпо,кайгырба,жеништин баары алдыда.Эн негизгиси сен озуно ишен!Биз сен менен.
20.08.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арсенге соз жок колундан келгенин кылдын башка "мушокторго"караганда сен озбек мн да судья мн да куроштун.бегалиев эмнеге "челенджды"6-5 болуп атканда ыргытпайт сен аркасына чыккан кезинде судья тургузуп ийди го!сокур судьялар коргон жок муну ташмурадов судялардын аркасы мн утту эл корду
20.08.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Духуну тушурбо Арсен баары алдыда дагы
20.08.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмеисинде кофеден коп ичип чык ошо да энергия берет. Мен да спорт менен машыгып билем кофе чарчатпайт. адресинди билсем свежемолотыйдан салып жибермек элем. Растворимыйга ишенбей эле коюш керек. Токиого сени алышсын ылайым утасын буйруса Айсулуу экоон.
22.08.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wwwonline, жеке билдирүүлөр купуяга!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: