super.kg logo

Орусиянын Депортация борборунда марттан бери отурган кыргыздар бар

 

Орусиянын Приморск крайындагы мигранттар тобу өлкөдөн чыгаруу жараянын создуктуруп, Депортация борборунда күттүрүп жаткандарга нааразылыгын билдирүү үчүн төрт күндүк ачкачылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта "Интерфакс-Казакстан" маалымат агенттиги билдирди.

Жергиликтүү Коомдук байкоочу комиссиянын маалыматы боюнча, шаардагы Депортация борборунда жүздөгөн кишилер кезегин күтүп жатышат. Алардын арасында Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Украинанын жана Кытайдын жарандары бар.

Байкоочу комиссиянын төрагасынын орун басары Александр Смышляев борбордон жамааттык даттануу келип түшкөнүн, ага жүзгө жакын адам кол койгонун билдирди. Анын айтымында, ачкачылык жарыялоо акциясына 20 киши катышкан, бирок комиссия өкүлдөрү борборго баргандан кийин ал аягына чыккан.

"Марттан бери депортацияланышын күтүп жаткан адамдар бар. Алардын айтымдарында, акыркы үч айдын ичинде эч ким үйүнө кеткен эмес", - деди Александр Смышляев.

Депортация борбору адамдарга ашыкча толгонун жана алар андагы шарттарга нааразы экенин кошумчалады.

"Борбордо төшөнчү, шейшеп, дары-дармек жетишпейт, кызматкерлердин аздыгынан улам алар сейилдөөгө чыгарылбайт", - дейт Александр Смышляев. Анын айтымында, Депортация борборунда 65 киши болуш керек болсо, учурда анда 100дөн ашык киши кармалып турат. Камакта отургандардын арасында 4 аял бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.08.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандары тааныштары билет сатып алп келсе самалетко салп жиберет экен билети жоктор болсо отура берет экен оз озунан уккам фмстин
tyrgon түзөттү 2016-08-19 19:07:42
20.08.2016. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyrgon
Кайсы ФМСтин оз оозунан уктун эле?
Тактап айта аласынбы?
19.08.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы жерде екен мен приморскийдемин го толук маалымат берип койунуздарчы
20.08.2016. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ФМСке барып соту болгон жерин сурап ошол жерден паспортунун кочурмосун алып белет алса болот аэропортко чейин оздору кошулуп барып самолётко чыгарып койушат
20.08.2016. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супердин жамааты черный список боюнча так маалымат берип койгулачы,мени эч эле списоктон чыгарбай койду да.Жоюлду деп эле угам,элдер чыгыптыр деп эле угам го.
nazira1989 түзөттү 2016-08-20 07:20:47
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: