super.kg logo

Баткенде кыргыз-тажик элинин мамилесин чыңдоо максатында "Достук" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

 

Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында "Достук" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата кыргыз-тажик элинин достук, ынтымак мамилесин чыңдоо максатында өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Тажикстан тараптан Исфара районунун акими Дилшот Расулзода баштаган район, шаар жетекчилери жана жергиликтүү тургундар, Ак-Сай айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын бир катар айылдарынын аксакалдары жана активдери катышты.

Иш-чараны алгач облус жетекчиси А.Халмурзаев ачып, кыргыз жана тажик эли көп кылымдар бою достук мамиледе болгондугун баса белгиледи. Буга далил катары кыргыздын тарыхый "Манас" эпосунда айтылганын жана бүгүнкү күндө да эки элдин ынтымагы бекем экендигин, аймакта тынчтык, ынтымак жана биримдик болсо гана өсүп-өнүгүү болорун айтты. Ошондой эле Исфара районунун акими Дилшот Расулзода сөз сүйлөп, кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, достукту жана биримдикти чыңдап, ынтымакты жана карым-катнашты бекемдеген мындай иш-чаралар мындан ары да көп өткөрүлөрүн айтып кетти. Иш-чара концерттик программа жана спорттук оюндар менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.08.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
е кыргызбайлар мындай нерсенер ардайым еле отот откону менен толку жок уялбайсынарбы ушинтип жарыялагандан чек араны зынк кылып чечип берелвай кыйын жарыя боптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: