Дүйнөлүк "Жалпы жат жазуу" акциясына катышкан кыргызстандыктар "коммунизм", "террорист" жана "хакер" сөздөрүн туура жазуудан көп ката кетиришкен
6-апрелде дүйнө жүзү боюнча “Жалпы жат жазуу” аттуу акция болуп, ага Кыргызстан да катышты. Иш-чаранын Бишкектеги уюштуруучуларынын айтымында, Кыргызстандагы акциянын катышуучулары “коммунизм”, “террорист” жана “хакер” сөздөрүн туура жазуудан көп ката кетирген. Белгилүү болгондой, өлкө боюнча эң жаш катышуучу 13 жашта, эң улуусу 70 жашта болду. Анда мугалимдер, окуучулар, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер, катардагы жумушчулар жана пенсия курагындагы адамдар катышып, өздөрүнүн орус тилиндеги сабаттуулугун текшерип көрүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

