Рио-2016: Жабылуу аземинде өлкөбүздүн желегин Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыгат

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын аяктаарына өтө аз убакыт калды. Салтанаттуу иш-чара Бишкек сааты боюнча 22-августта 5:00дө башталмакчы (Бразилиянын сааты боюнча 21-августта 20:00дө). Анда 207 мамлекеттин спортчулары ачылыш аземиндегидей эле параддан өтүшөт. Өлкөбүздүн желегин көтөрүп чыгуу милдети балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбековага жүктөлдү. Ачылуу аземинде бул милдетти мушкер Эркин Адылбек уулу аркалаган эле.
Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына 6 спорт түрүнөн 19 спортчубуз катышуу үчүн аттанган. Алардын ичинен 16 спортчу байгеге илинбей калды. Коло медаль алган жалгыз спортчубуз Иззат Артыков "допинг колдонду" деген жүйө менен медалынан ажыратылды. Эми акыркы 2 спортчубуз күчүн сынамакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Значит так и надо. Озунор ойлонсонор, допингке кан тапшырып коюп, болду текшербейт деп, допинг колдонуп, элдин баары алтын ала бербейби анда. Торт жыл мурун алтын алган Казахстандын спортчулары допинг менен кармалып медальдарынан ажыратылды. Бир Кудай билет Изаттын ак, же кара экенин. Ошол коло медаль кимге кереги бар эле эми. Колдонсо колдонгондурда.