Эрежесиз мушташта ирландиялык Конор Макгрегор атаандашы Нейт Диасты "канга боёп", реванш алды
















Ирландиялык спортчу Конор Макгрегор UFC 202 мелдешинин алкагында америкалык мушкер Нейт Диас менен кез келди. Экинчи ирет беттешип жаткан мушкерлер 5 раунд ичинде айыгышкан мушташ көрсөтүштү. Бул аралыкта америкалык мушкердин бети "канга боёлду". Жыйынтыгында 3 калыстын бири тең чыгуу каттаса, калган эки калыс жеңишти ирландиялык спортчуга ыйгарды.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, беттеш үчүн Макгрегорго 3 миллион доллар өлчөмүндөгү гонорар төлөндү. Ал эми Диас 2 миллион доллар алды.
Кошумчалай кетсек, мушкерлер алгачкы жолу ушул жылдын 5-мартында мушташышкан. Анда 2-раундда Диас атаандашын ыкма колдонуу менен 2-раундда жеңип алган.
28 жаштагы Конор 20 ирет 8 бурчтукка чыгып, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Калган 17 атаандашын нокаут менен утуп алган. Ал эми 31 жаштагы Диас 19 беттеште жеңүүчү аталып, 11 ирет жеңилүү ызасын тарткан.






















1 |