super.kg logo

1-2-сентябрдан кийин транспорт, турак үй жана жер салыгын өз убагында төлөбөгөндөр үчүн туумдар эсептеле баштайт

 

1-2-сентябрдан кийин транспорт, турак үй жана жер салыгын өз убагында төлөбөгөндөр үчүн туумдар эсептеле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак үй жана жер салыгын төлөө мөөнөтү аяктаары менен салыктардын өз убагында төлөнбөгөнү үчүн туумдар эсептеле баштаарын эскертет. Транспорт каражаттары үчүн салыктар үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин төлөнүшү керек, ал эми 2-сентябрга чейин турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу чарба жер тилкелери) төлөө зарыл. Андыктан Салык кызматы төлөнбөгөн суммаларга туум эсептөөдөн жана административдик жоопкерчиликке тартуудан качуу максатында бардык транспорт, турак жай жана жер үлүшүнүн ээлерин салыктардын эсептелген суммасын өз убагында жана толугу менен төлөөгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, салыктарды каалаган банктарда, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм терминалдарында жана интернет-банкингдерде төлөсө болот. Салыктарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салык органдары тарабынан төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт, кыймылсыз мүлк боюнча үйлөрдү жана батирлердин ар бирин кыдыруу иштери уюштурулмакчы. Салыктар өз убагында төлөнбөсө, 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

"МСКнын сайтында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө карата салыктарды эсептөө калькулятору жайгаштырылган. Бул жерде интернетке кире алган жарандар салыктардын түрлөрү боюнча өз милдеттенмелерин эсептей алышат. Кененирээк маалыматты 194 номери боюнча алсаңыздар болот", - деп кошумчалашкан Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: