super.kg logo

Жаш уста Бексултан Токтобаев тунукеден жуунгуч жана түрдүү буюмдарды жасап ата-энесин багат

 

Бул жолу жаш болсо өз алдынча ийгиликтерге жете алган каарманыбыз Бексултан Токтобаевдин күжүрмөн эмгеги жөнүндө жазып, кимдир бирөөгө сабак болор деген таризде коомчулукка жарыялоону туура көрдүк.

Бексултан Токтобаев Бишкекте тунукеден (жука темир) жуунгуч жана түрдүү буюмдарды жасап үй-бүлөсүн багат. Ал шаардагы базарлардын биринде бир жарым жылдан бери эмгектенет. Анын айтымында, алгач шаарда жумуш таппай кыйын күндөрдү өткөргөн. Кийинчерээк тааныштары аркылуу базардагы буюм жасоо өнөрканасына келет. Өзүнүн кызыгуусу артып, буюмдарды жасоону бат эле өздөштүрүп алган.

Бексултан Токтобаев Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун тургуну. Ал болгону 21 жашта. Борбор калаадагы базарда иниси Дөөлөт менен бир жарым жыл убакыттан бери эмгектенет.

"Буга чейин Бишкекке келип жумуш таппай калган убактар болгон. Азыр бул устаканага келгенден бери жашоо жакшы. Жасаган буюмдарымды сатып, каражат топтойм. Айылдагы ата-энеме акча салам. Бир жарым жылдын ичинде тунукеден бардык буюмдарды жасоону үйрөндүм. Бул кесибим менен сыймыктанам, анткени жыгачка мык кага албаган адамдарды көп эле көрүп жүрөм", - дейт Токтобаев.

Каарманыбыз иштеген устаканада жуунгуч, мор, чатырдан суу агызуучу ноо, көп кабаттуу үйлөргө керектелүүчү буюмдар жасалат. Бир жуунгучту жасоого 1 саат убакыт керектелет. Бир күндүк жумуш убактысында 8 даана жуунгуч жасоого үлгүрөт.

"Бул өнөрдү устаканадагы иштеген балдарды карап отуруп үйрөнгөм. Кызыгуум абдан күчтүү болчу. Өзүм толук кандуу үйрөнүп алып, айылдагы инимди жардамга чакырдым. Ал жайкы каникулда келип иштеп, жаңы окуу жылына кийим-кече, окуу куралдарын сатып алууга каражат топтойт", - дейт Б.Токтобаев.

Дөөлөт Токтобаев Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде 11-класста окуйт. Ал агасына жардамдашуу үчүн Бишкек шаарына келген. Агасынын жасаган буюмдарын кылдаттык менен карап үйрөнүүнүн үстүндө.

"Жасаган буюмдарыма жумуштун оордугуна жараша өзүм баа коём. Атайын кардарларым бар. Буйрутма берип, айрым убактарда күтүп отуруп алып кетишет. Буюмдарды даярдап сатам. Ал эми ортомчулар аларды сырдап, үстүнө акча кошуп сатышат. Бир жарым жыл аралыгында 300дөн ашуун жуунгуч жана башка буюмдарды жасадым. Мунун баары бир күн да кармалбай сатылып кетип жатты", - дейт Бексултан мырза.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
22.08.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец
22.08.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жумуш жок деп ичим чегип, жолдордо карта ойноп отургандарга, ынжый тургандарга сабак бир аз болсо да.
22.08.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат! Пешене тер, ак эмгек менен тапкан ырыскы татту ,жугумдуу болот. Кочо таптап, эмне кылышын билбей банги болуп кеткен жаштар канча. Омурунду денсоолугунду берсин. Эл жерине кереги тийген эр азамат жигиттерден бол.
22.08.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир кундо сегизди жасаса азамат экен. Онорун оркундой берсин!
22.08.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдар беттерин Эмнеге коргозбой койдунар же камераны карабай коюштубу
22.08.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Олимпиадачы спортсмендерге бирден медаль жасап берчи
22.08.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец онорун оркундой берсин ата энени ак эмгегин менен бакканын учун алла таала озу колдосун ишине ийгилик!
adiko11 түзөттү 2016-08-22 16:58:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: