super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Атама" аттуу чыгармамдын клибине атам өзү да тартылган, бирок көрбөй өтүп кетти" дейт Өсөр Козуев

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө бардык аталарга арналып жазылган, сөзү-обону Өсөр Козуевге таандык "Атама" ыры орун алган, аны ар бир кыргыз билери шексиз. "Чыгарма касиеттүү болду, анткени кыргыз эли, бүт аталар колдогон ыр" деген ырчы Өсөр Козуев чыгарма тууралуу буларга токтолду:

"1996-жылы атамдын туулган күнүнө бармай болуп калдым. Эсиңиздерде болсо керек, ал учурда жалпы эл кыйналып турган мезгил эле. Эмне кылсам, кандай белек берсем деп ойлонуп жүрүп, "Атама" ырынын сөзү, обону жаралды. Атамдын туулган күнүндө ырдап бердим, ошол күнү кайра-кайра суранып жатышып 10 ирет ырдадым окшойт. Эл абдан жылуу кабыл алды. Ырдын популярдуулугунун себеби аталардын касиети болду окшойт, анткени кыргыз эли, бүт аталар колдогон ыр.

Ал эми клип оператордун жоктугунан шашылыш түрдө сейил бакта тартылган. Анда шахмат ойноп жаткан аталарды, небересин жетелеп бараткан чоң атаны кошуп тартып койгонбуз. Ошол учурдагы жөнөкөй клиптердин бири десек болот. Ал эми атам түшкөн кадрлар кийин тартылып алынып клипке кошулган. Тилекке каршы, атам өзү тартылган клипти көрбөй калды".

Ырчы кийин клипти телевидениеге алып барганын, айына эки эле жолу коюлат деген чектөөгө карабай эл жылуу кабыл алганын айтып, күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

Өсөр Козуевдин "Атама" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.08.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун ыр ! Сизге ийгилик Осор байке !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: