super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ноокат районундагы Борбаш айылында кичинекей балдарды ичимдикке каршы үгүттөө максатында спорттук мелдештер уюштурулду

 

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Борбаш айылында кичинекей балдарды ичимдикке каршы үгүттөө максатында 20-августта спорттук мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 22-августта кабарлады.

"Спорттук мелдештерди жаш балдар үчүн ичимдик менен тамекиден алыс болууга чакыруу максатында уюштурдук. Дүйнөдө баңгизаттын, спирттик ичимдиктердин айынан көптөгөн жаман нерселер болуп жатат. Адамдар бузулууда. Аны токтотуу үчүн аракеттер бар, бирок эч кандай өзгөрүү жок. Чоңдор үйрөнүп калышкан, аларды башкаруу кыйын. Ал эми жаш муунду тарбиялаш керек. Ошондуктан биз өлкөбүздүн аймактарында спорттук мелдештерди өткөрүп, жаман нерселерди түшүндүрүп, убада бердиртип, келечек муунду жакшы чоңойтушубуз керек", - деди окурман.

Окурмандын айтымында, футбол жана марафонго 50дөн ашык бала катышты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Борбаш айылында спорттук турнир өттү

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.08.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сааданбек го. Балдарды футболго үгүттөгөндөрдүн сап башында. Азаматсың
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: