Ошто кыз-жигиттин ортосундагы чыр бычакташуу менен аяктады

Ошто кыз-жигиттин ортосундагы чыр бычакташуу менен аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Окуя 19-август күнү саат 19:00 чамасында Ош шаарындагы батирлердин биринде болгон. Анда сүйлөшүп отурушкан кыз-жигиттин ортосунда чыр чыгып, 1988-жылы туулган А. аттуу кыз 1987-жылы туулган К.М. аттуу жаранды бычак менен санга сайган. Учурда кылмышка шектүү катары кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.
Ал эми жабырлануучу Ош облустук ооруканасында. Жабырлануучу менен шектүү буга чейин кыз-жигит катары сүйлөшүп келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

кызга зөөкүр тийишкенда бир кумардан чыгалы жаным деп,кыз өзүн коргогон...