super.kg logo

“Түндүк электр” ишканасы 241 чакырым узундуктагы аба электр чубалгыларын оңдоого өз эсебинен 1 миллион сомдой караган

 

“Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Жогорку чыңалуу кызматынын электр куроочулары Чүй облусунун Сокулук районундагы жогорку вольттогу 35 киловаттык “Александровка-Белогорка” аба электр чубалгысында оңдоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.

"Аталган чубалгынын узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Жогорку чыңалуу кызматынын адистери чубалгыны карап, темир-бетон тирөөчтөрүнүн чоймолорун жөндөп жана сырдап, зымдарды, изоляторлорду жана чынжырдуу арматураны алмаштырып, жабыркаган зымдардын бөлүктөрүн оңдоп жана аба чубалгы трассасынын боюндагы бактарды кыркышты. Буга ишкана 30 миң сомго жакын каражат сарптады", - деп айтылат маалыматта.

Көп жылдык графикке ылайык, 35 киловаттык аба электр чубалгыларын оңдоо иштери алты жылда бир жолу жүргүзүлөт. 2016-жылы “Түндүк электр” 241 чакырым узундуктагы 35 киловаттык аба электр чубалгыларын оңдойт. Бул максатка акционердик коом өз эсебинен 1 миллион сомго жакын каржы караганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.08.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда зымдар эскирип бүттү. же карашпайт шамал болгон сайын өчүп кайра жана берет. кышында болсо свет жок 3,4 күн кыйналабыз же айылдарда да ушундайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: