super.kg logo
  Спорт  

Кулатуу эр таймаш мелдешинде кыргыз мушкерлери өзбекстандыктарды 8:1 эсебинде утуп алышты

 

20-августта Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында кулатуу эр таймаш боюнча сүйүүчүлөр арасында алгачкы Ачык чемпиондук жана "WEF SELECTION-4" XVI Эл аралык профессионалдык мелдеши өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Кулатуу эр таймаш федерациясынан билдиришти.

"Иш-чаранын алкагында "Кыргыз өлкөсү vs Өзбекстан" матчтык жолугушуусу болуп, 8:1 эсебинде Кыргыз Республикасынын спортчуларынын жеңиши менен аяктады. Ошондой эле мелдештин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Кулатуу эр таймаш WEF федерациясынын президенттигине Талант Мамытов дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан мелдешке 9 мушкер катышкан:

1. 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз мушкери Адилет Мамытов атаандашы Бехруз Саёровду муунтуу ыкмасы менен 2-раундда утуп алган.

2. 61 килограмм салмактагы өзбекстандык Шамил Алиманов Жалил уулу Абдрахманга каршы чыккан. Кыргыз мушкери 1-раундда нокаут менен жеңген.

3. 61 килограмм салмактагы өзбекстандык мушкер Атахан Эгамов кыргыз мушкери Улан Коңурбаев менен мушташып, 3-раундда утулган.

4. 61 килограмм салмакта өзбек мушкери Максат Юнусов Заирбек уулу Дастан аттуу кыргыз мушкерине туш келген. Калыстар жеңишти кыргыз мушкерине беришкен.

5. 71 килограмм салмактагы Өзбекстандын мушкери Бабур Курбанов Абдыбайт уулу Бекмаматка туш келип, кыргыз мушкери 1-раундда утулуп калган.

6. 77 килограмм салмактагы өзбек мушкери Санжар Эргешов Сейдиев Орозбек менен чыгып, нокаут менен жеңилген.

7. 71 килограмм салмактагы Феруз Юсупов кыргыз мушкери Манас Сүйүнүчбеков менен мушташып, 2-раундда утулган.

8. 77 килограмм салмактагы өзбекстандык Фарух Фархатовду Ниязымбетов Улук 1-раундда нокаут менен уткан.

9. 84 килограмм салмактагы өзбек мушкери Митолиб Хожаев менен Абдысамат Киргизовдун күрөшүндө жеңиш кыргыз мушкерине ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(18)
22.08.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтар!

Чын эле женди бекен же Суйун Омурзаковго окшоп атайын акчага алдырып Умардын балдарынын авторитетин которо береби
22.08.2016. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
JENTELMEN,чын женет!кудайга шугур мушташканга жакшы элебиз))))
22.08.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
JENTELMEN,көз менен көрбөгөндөн кийин жалаа жаппажаппаш керек тууганым
22.08.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олипмиада да негедир озбектерден адегенде эле утула бербей утсанар болмок
22.08.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
beka1207,Өзбектер судяны хоп ака кылган окшойт Риодо, моңгол менен түшкөндө тартып койду деп жүрөт ылдыйда.
22.08.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шугур. Башкысы калыстар калыс болсо болгону. Бир тараптуу болсо озубузго эле зыяны тиет. Бирок женгенине ишенем. Азаматтар
22.08.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул жак манен эле кете бериш керек кыргыздар. Олимпиада болбойткен)).
22.08.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
класс
22.08.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар.Биз эр уруштан тузукбуз.Кулатууну дагы которуш керек.
argen.kg4 түзөттү 2016-08-22 21:54:01
22.08.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат балбандар,куттуктайм!!!
22.08.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чын эле жендиби ишениш кыйын болуп калды
22.08.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2,3 жыл мурда Казакстандын бир клубунан 6 бала келип мушташып женилип кетишкен эле,кийин ошол эле Умардын балдары ал жакта женилип келди.Алар ал жакта Булар биякта авторитет болуп журо берет
23.08.2016. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JENTELMEN,Хахахахаха сага айтыштыбы ошентип
23.08.2016. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайда эле утту утту Деп жаза бересинер олимпиададан утту Деп жазсанар жакшы болот эле го
23.08.2016. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар! Кыргызстан утту деген сөз, кулака кандай жагымдуу угулат.
23.08.2016. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жиниттерден жонотподунорбу олимпиадага
23.08.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ дагы көбүрөөк.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-24 09:46:29
24.08.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nemo_0587, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: