super.kg logo

Эгемендүүлүк майрамына карата иш-чараларда коопсуздукту 3 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт

 

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын урматына жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоо үчүн Ички иштер министрлигинде атайын план иштелип чыкты. Салтанаттуу
иш-чарага 3 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Милиция кызматкерлери кылдаттык менен алдын алып жана мыйзам бузууларды, кылмыштуулукту, коомдук-саясий жана коопсуздукту көзөмөлгө алат. Бул тууралуу 23-августта ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

29-августка чейин республиканын ички иштер бөлүмдөрүндө саптык тизимдер өткөрүлөт. Кызматкерлер майрам учурунда коомдук коопсуздукту, тартипти сактоо үчүн күжүрмөн даярдыкта болушат. Ички иштер министрлигинин жана аймактык Ички иштер башкармалыктарында тергөө ыкчам топтору иш алып барып, өздүк курамдын жетекчилиги күнү-түнү нөөмөттө болот.

Тиешелүү кызматтар көзөмөлгө алып, майрамдык иш-чаралардын жүрүшүн кайтарууга алышат. Ички иштер бөлүмдөрү алдын алуу иштерин жүргүзүп, адамдардын жүрүм-турумуна көзөмөл күчөтүлөт.

Өзгөчө маанидеги автобекеттер, коомдук жайлар, кайтарууга алынат. Курал-жарактар, жарылуучу заттар жана уулуу заттар колдонулбайт. Ошондой эле диний экстремизм идеяларын жайылткандарга каршы туруу чаралары көрүлөт.

Темир жол бекеттеринде, аэропорттордо, мейманканаларда кошумча текшерүү күчөтүлөт. Ыкчам кызматтар тарабынан экстремизм, сепаратизм идеясын үндөгөндөргө, чет элдик диний миссионерлерди аныктоо жана алардын мындан аркы иш-аракеттерин басуу иш-чаралары көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.08.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек араны кайтаргыла майрам ото берет.
23.08.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жарымын чегарага жибергиле ошол жак маанилуу азыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: