super.kg logo

Мындан 25 жыл мурун интернет пайда болгон

 

Алысты жакындаткан, көптөгөн маалыматты камтыган интернет түйүнүнүн пайда болгонуна 25 жыл болду. 1992-жылы 6-августта колдонуучуларга алгачкы ирет веб-сайт жарыяланган. Анда "World Wide Web" ("Бүткүл дүйнөлүк желе") долбоору сунушталган. Анын түзүүчүсү Тим Бернерс-Ли болгон. Бирок сайт расмий түрдө 23-августта ишке киргизилген. Андыктан ушул күн баарына жеткиликтүү болгон интернеттин пайда болуу күнү катары белгиленип калган. Ал эми 1993-жылы Mosaic веб-браузеринин пайда болушу технологиялардын өнүгүүсүнүн кийинки кадамын шарттаган.

Эгер интернеттин тарыхына токтолсок, анын пайда болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы АКШнын Коргоо министрлигинин алдында уюштурулган Алдынкы изилдөө долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттарынын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыккан. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи "Арпанет" деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт. Ал эми 1971-жылы "Bolt Beranek and Newman" аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @ - электрондук белгини иштеп чыккан.

Кыргыз өлкөсүнө интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.08.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул интернет чыкбай эле койбоптурда. Биз ото эле бекерчи анан ушакчы болуп кеттик. Интернетин менен кургур.
23.08.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жашоомду интернетсиз элестете албаймын азыр
24.08.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетте отура берип балам бирге чыкканын баикабаи калыпмын))))))) тамаша бирок чынга жакыныраак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: