super.kg logo

Өлкөдө математика, англис тили боюнча окуу куралдары жетишсиз

 

Өлкөдө математика, англис тили китептери жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына Билим берүү министрлигинин мектеп китептери боюнча адиси Чынара Курбанова билдирди.

"Бүгүнкү күндө башталгыч класстары үчүн математика сабагынан китептер жетишсиз болууда. Бул 1-класстан 6-класска чейинки класстарда окуган окуучуларга тиешелүү. Ал эми англис тили китептери 3-класстан жогорку класстарда жетишпей жатат", - деп билдирди Курбанова.

Маалым болгондой, жетишсиз болуп жаткан китептер боюнча жакынкы аралыкта атайын сынак жарыяланып, тандоо өткөрүлөт. Тандоодон жеңип чыккан математика боюнча мугалимдер жана тилчилер китептердин үстүнөн иштеп башташмакчы. Адистердин айтымында, мындан ары китептер илимий тилде эмес, жөнөкөйлөштүрүлүп жазылат.

"Мектептерде китептердин жетишсиздиги боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2018-жылы өлкө боюнча китептер толук кандуу жетиштүү болот", - деп кошумчалады Билим берүү министрлигинин мектеп китептери боюнча адиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: