Болот Шамшиевдин 75 жылдыгына карата анын тасмалары өлкөнүн бардык аймактарында бекер көрсөтүлөт
Кыргыздын белгилүү режиссёру Болот Шамшиев


Кыргыздын белгилүү режиссёру Болот Шамшиев

Режиссёрдун жаш кези

Режиссёрдун жаш кези
22-августтан 29-августка чейин өлкөнүн бардык аймактарында кыргыздын белгилүү режиссёру Болот Шамшиевдин ретроспективдүү тасмаларын көрсөтүү орун алат. Бул иш-чара режиссёрдун 75 жылдыгы жана эгемендүүлүктүн 25 жылдыгынын урматына уюштурулууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Кинематография департаментинен билдиришти.
Ал эми 29-августта Бишкекте режиссёрдун 75 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Иш-чарага Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн аттуу-баштуу инсандардын келери күтүлүүдө.
Көрсөтүүнүн программасына ылайык, анда төмөндөгү тасмалар көрсөтүлөт:
1. "Караш-Караш окуясы" (1968-жылы тартылган тасма)
2. "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" (1971)
3. "Ак кеме" (1975)
4. "Эрте келген турналар" (1979)
5. "Бөрү зындан" (1983)
Кыргыз ССРинин Эл артисти (1975), СССРдин Эл артисти (1991) Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Бишкек шаарында (мурдагы Фрунзе) туулган. Болот Шамшиевдин атасы Төлөн Шамшиев кыргызга белгилүү акын болгон. Ал 1965-жылы ВГИКти (Орусия мамлекеттик кинематография институту) бүткөн. Алгач "Манасчы" (1965), "Чабан" (1966) сыяктуу даректүү фильмдерди тартып, андан кийин айтылуу М.Ауэзовдун чыгармасы боюнча өзүнүн "Караш-Караш окуясы" аталган алгачкы көркөм фильмин (1968) жаратат. Режиссёр замандаш адамдардын ой-санаасын, мүдөөсүн чагылдырган көйгөйлүү темаларга кайрылып, аларды кинодогу кейипкерлердин ички сезими аркылуу кылдат ачууга, драмалуу терең чиеленишти лирикалык маанайда берүүгө умтулган. Ч.Айтматовдун повести боюнча тарткан социалдык-этикалык жана философиялык маанидеги "Ак кеме" фильми (1975, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы, 1977) Бишкек шаарында өткөн Бүткүл союздук 9-кинофестивалда (1976) баш байгеге, Италияда (Торонто ш.) баш байге сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари ш.) атайын байгеге татыктуу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
BarsBaatyr

23.08.2016. 12:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын атактуу фильмдерин коллекция кылып дисктерге чыгарып Кыргызстандын баардык аймактарына сатууга чыгарса жакшы болмок.Чыгарса дагы аз коломдо чыгарышат,анысы дагы Бишкектен сыртка чыкпайт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.