Ошто 22 жаштагы келин үч эмди жарыкка алып келди. Ымыркайлар айына жетпей төрөлүп, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатышат

Ош шаардык төрөт үйүндө 22 жаштагы келин үч эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган төрөт үйүнүн башчысы Зейнеп Исраилова 23-августта билдирди.
З.Исраилованын айтымында, үчөө тең кыз. "Ымыркайлар 22-августтан 23-августка караган түнү операциялык жол менен төрөлүштү. Ай-күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат. Биринчисинин салмагы 1 килограмм 900 грамм, экинчисиники 1 килограмм 700 болсо, үчүнчүсүнүкү 1 килограмм 600 грамм болду",- деди Исраилова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
-1

'
Кыргызча эле жазбайсынбы.
Тусторунуу, жатышыны
Бул кимдин создору
Жаман корсонор да бир тыйын.
Минус бассанар да бир тыйын.
Билгенинерди кылгыла, бирок
кыргызча жазкыла да, тусторуну,
жатышыны эмне деген соз бул
Ата энеси кыргыз болду бекен.