Аксыда Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талабы менен райондук администрациянын алдына 100гө жакын адам чогулду





Аксыда Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талабы менен райондук администрациянын алдына 100гө жакын адам чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Алтын Кутманов билдирди.
"Жергиликтүү тургундар Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талабы менен чыгышты. Чогулган эл менен район акими Медет Айдаралиев жолугушту. Бүгүнкү күндө Делимитация жана демаркация комиссиясы Аксыга келип, Үңкүр-Тоону жеринде көрөт. Ал эми элге абалдын тынч экендигин түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, алар тарап кетишти", - деп билдирди Кутманов.
Маалым болгондой, администрациянын алдына чыккандар өзбек милиция кызматкерлеринин Үңкүр-Тоо аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.
Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин мүчөсү Шекербек Камчыбек уулунун айтымында, учурда Үңкүр-Тоодогу телерадиостанцияда иштеп жаткан 4 кызматкер 22-августтан бери өзбек милиция кызматкерлери тосуп турган аймактан чыга элек.
Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстан тик учак менен 7 милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу Кыргыз Республикасы пайдаланып жүргөн, такталбаган аймакка түшүргөн.

Кыргызымдын душмандары көптүбү?
Ар киргенде бир жер берип олтуруп.
Тарттырып эх койбойбузбу төрдү бу.......
Эң кыйынын басып өтүп жолдордун.
Асыл калкым дурус эле кордолдуң.
Бир маселе чече албаса кысталак.
Анда бизге кереги не чоңдордун????
Баягы эле душман келди оңбогон.
Муну эми чечип койчу ак үйдө.
Чоңдор барбы кыргыздарды колдогон?!
фейсбуктан тартып келдим
Эн туура соз.
жанар унчукпайтко, коркуууп жатса
керек башын катып