super.kg logo

“Турак жай курулуш кооперативи” коалициясынын жетекчиси Нурлан Асанов издөөгө алынды

 

“Турак жай курулуш кооперативи” коалициясынын жетекчиси Нурлан Асанов издөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Нурлан Асановду камакка алуу чечимин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарган.

Буга чейин Эркин кесиптик кошуундар конфедерациясынын мүчөлөрү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылып, Нурлан Асановду жоопко тартууну суранышкан. Арызда Нурлан Асанов аталган конфедерацияны жетектеп турганда өзүнүн унаасын ижарага алып, ал үчүн бирикмеден айына 1000 доллар алып турган. Жалпы келтирилген зыян 1 миллион 31 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча Бишкек ШИИББи “коммерциялык ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле Бишкек ШИИББинин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан бир канча шаар тургуну кайрылып, “Турак жай курулуш кооперативи” коалициясынын жетекчиси Нурлан Асанов “арзан үй алып берем” деп акча алып, ушул убакка чейин бербей жүргөнүн айтышкан. Мындан улам Ленин РИИБи да “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.08.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өткөндө эле кармалды камалды деп жатышты эле го?
24.08.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zanzibara,кое берип кайра издейт да, антпесе жумуш токтоп калбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: