super.kg logo

Нарын районунда мектепке тиешелүү спортзалдын курулушундагы мыйзам бузуулар аныкталды

 

Нарын районунун Алыш айылында мектепке тиешелүү спортзалдын курулушундагы мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуштун пайдубалына куюлган траншеялар эрежеге ылайык катмар-катмары менен тапталып көмүлбөстөн, топурак толтурулган. Ошондой эле пайдубалдын бетин битум менен каптоо талапка жооп бербейт, себеби битум нормадан аз. Ал эми кийим чечүүчү бөлмөдө коюлган кыш курулуш эрежесине дал келбейт.

Текшерүү иштеринин алкагында аныкталган кемчиликтерди тез арада толуктап, пайдубалын бекемдөө үчүн, атайын жеринде инспекторлор тарабынан протокол, актылар түзүлдү. Курулуш иштерин долбоордо белгиленген нормаларга ылайык куруу боюнча мектеп жетекчилигине адистер тарабынан мөөнөт берилди”, - деп айтылат Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.08.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан наалыйбыз.кыргыздар эмнеге спортко жокбуз деп.коррупция ошо жерден башталып жаттат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: