ЭЛДИК КАБАР: Бишкек-Ош жолунда жүргүнчүлөрү менен бара жаткан унаа бийиктен кулап түшүп, күйүп кетти (фото)



Бишкек-Ош жолунда жүргүнчүлөрү менен бара жаткан Хонда Одиссей унаасы бийиктен кулап түшүп, күйүп кеткенин окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди. Кырсык бүгүн, 23-августта саат 15:00 чамасында унаа жолунун 430-чакырымында болгон. "Унаада 5 адам болгон, экөөсү чыгып кетип, калганы белгисиз", - деп айтты окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Тушунугун аз рульдун айырмасы кайсы. Ал айдоочудан болот. Кырсык да
Сон колдо тайлак баатырдын тоюнда нива автомашинасы 160 метр бийиктиктен кулаганын артында бара жаткан хонда одиссейдин айдоочусу кабарлаган, ага да руль куноолубу тушунугу
аз адамдардын ою боюнча?
Аша причем
Мыкты айдоочуга баары бир, руль артында болсо да айдайт. А айдоочулук куболук жон эле берилбеш керек
Ии макул сактайын. Бирок алар дагы жинге тийбесин