super.kg logo

Мекке шаарында Кыргыз жеринен барган зыяратчылардын саламаттыгына кам көргөн дарыгерлер күнү-түнү иш алып барышууда

 

Мекке шаарында Кыргыз жеринен барган зыяратчылардын саламаттыгына кам көргөн дарыгерлер күнү-түнү иш алып барышууда. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча штабы менен КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилип берилген дарыгерлер Мекке шаарындагы Кыргыз жеринен барган зыяратчылардын ден соолугуна кам көрүү максатында жыйын өткөрүштү. Жыйында УРШнын өкүлү Равшан ажы Эратов Кыргыз Республикасынан келген зыяратчылардын саламаттыгына кам көрүү максатында 2 медициналык пункт түзүлүп, алар күнү-түнү иш барып жатышканын айтып өттү. Ошондой эле учурда дарыгерлер үчүн атайын иш алып баруучу жайлар даярдалып, алар зыяратчыларды кабыл алууга даяр экенин кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, муну менен катар дарыгерлер менен болгон жыйында медициналык пункт 24 саат бою иштеп, ооруп калган зыяратчыларга учурунда кам көрүп, басып келе албагандарын жеринде барып дарылап жана "Тез жардам" кызматы түзүлүп иштей баштагандыгы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: