super.kg logo

ЖМК: “Ислам мамлекети” террордук тобу Анталия шаарында бир нече жардырууну пландаган

 

“Ислам мамлекети” деп аталган террордук топ Түркиянын Анталия шаарында бир нече чабуул кыларын 2015-жылы Анкарадагы террактын уюштуруучусунун үйүнөн табылган документтерден билингенин "Cumhuriyet" гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, биринчи кезекте эс алуучу жайларды жана чет элдик туристтер көп жүргөн жерлерди жардырууну пландашкан. Мындан тышкары күрд партияларынын кеңселери жана өкмөттүк эмес "Rotary International" уюмунун клубдары террорчулардын максаты болгону да жазылган.

Гезит террордук топ кеминде 150 кишини Түркиядагы чабуулдарды ишке ашыруу үчүн даярдаганын билдирип, анын ичинде жан кечтилер дагы бар экенин маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.08.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сактасын тынчылык эле болсунчу, ач отур тынч отур деген кеп бекеринен эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: