Түн ичинде Бишкектен "террордук топтун лидери" делген 24 жаштагы кыргыз жараны кармалды
23-августтан 24-августка караган түнү Бишкектин Тыныстанов жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде УКМК тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн. Иш-чаранын алкагында террордук топтордун биринин лидери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Ал 1992-жылы туулган О.И. аттуу кыргыз жараны болуп чыкты. Анын жанынан ПМ тапанчасы, РГД-5 гранатасы, жардыруучу затка колдонуучу каражаттар, 5,45 жана 9 миллиметрлик калибрлүү ок-дарылар, жихаддык материалдар жана 3 уюлдук телефон табылды. Ал ошол учурда камакка алынып, кылмыш иши козголгон. УКМК ыкчам издөө иш-чарасын улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
daniyar84

24.08.2016. 11:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.К.А.М деп жашырбай толук жазсанар.кайсыл жердин баласы.
bom.bon

24.08.2016. 12:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олимжон икромовдон болсо керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.