super.kg logo

Бала бакчалардагы балдарга темир жолду майлоочу майды беришкенин айткан Анара Дауталиева ачкачылык жарыялады

 
Ачкачылык жарыялаган Анара Дауталиева
Ачкачылык жарыялаган Анара Дауталиева
Анара Дауталиеванын талаптары
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова

Бишкектин Октябрь районундагы бала бакчалардын биринде балдарга ак майдын ордуна гидрогендештирилген май берилип жатканы аныкталган. Маалыматка ылайык, бул майды Орусияда темир жолун майлоого колдонушат.

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаардык мэриясынын алдында бул маселени көтөрүп чыккан жарандык активист Анара Дауталиева ачкачылык жарыялаганын билдирди.

"Бала бакчадагы азык-түлүк коопсуздугу боюнча суроо көтөрүлүп, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын буйругунун негизинде Санитардык инспекция майды текшерүүгө алган. Жыйынтыгында балдарга берилип жаткан май таза эмес болуп чыккан. Ошого байланыштуу мен бүгүндөн баштап ачкачылык жарыялайм. Бул окуяга мэрия чекит койсун!" - дейт Дауталиева.

Бирок "Кыргыз стандарт" борборунун жеке жаран Дауталиевага берген чечими гана бар экени маалым болду. Ал эми Санитардык инспекция өткөргөн текшерүүнүн жыйынтыгы белгисиз.

Ачкачылык жарыялаган тургун окуучуларды 1-класска кабыл алууда акча талап кылынып жатканын да айтты: "Мен өзүм №6-мектепте 1-класска кабыл алуу үчүн 25 миң сом талап кылып жатканына күбө болдум".

Бала бакчадагы азык-түлүк коопсуздугу боюнча жана жарыяланган ачкачылык тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова: “Бул окуя боюнча комиссия түзүлүп, жагдай текшерүүгө алынат. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча чечим чыгарабыз. Ал эми ачкачылык жарыялоонун максаты эмнеде экенин түшүнгөн жокмун”, - деди.

Анара Дауталиева ачкачылыгын Бишкек шаарынын мэри, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жана башкы прокурор келмейинче улантарын жана мэриянын алдынан кетпей турганын кошумчалады.

"Сөз болуп жаткан текшерүүгө алынган майды кантип жана кандай жолдор менен алдыңар?" деген суроого Дауталиева “Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын буйругунун негизинде Санитардык инспекция майды текшерүүгө алган” деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.08.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз кайда баратабыз, душманды алыстан издебей эле койсок болот, озубузду озубуз кырып жоготчу кун келдиби?
24.08.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул эже туура айтат бул нерсе мурунтан болуп келген и боло берет.Гимназияларга,Садиктер жадакалса мектептерде врачтар баардык жерде чонтогуно карап мамиле кылышат крупция боюнча биринчини алат кыргызстанда столдо отургандар.
24.08.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билим беруу министрлигин бул нерсеге жол бергендиги учун жазага тартыш керек.Бирок бул нерсе болбойт го.Каяктагы бир бечараны куноолоп жоопко тартып коюшат дагы жогоркулары кайра эле кылмышын уланта беришет
24.08.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бугун баламды мектепке береин деп барсам 2000сом сурады акчам жок десем албайм деп койду 80 школдун директору оозум ачылып калды туугандар бул мыйзамсызбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: