Арктика муздарынын эрүүсү рекорддук ылдамдыкка жетти

2016-жылдын биринчи жарымы тарыхта эң жылуу мезгил болгонун NASA (АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы) кызматкерлери белгилешүүдө. Жылуу аба ырайынан Арктика муздарынын эрүүсү рекорддук ылдамдыкка жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалыматтарда Арктика муздарынын эрүүсү Жер шарындагы аба ырайына терс таасирин тийгизери айтылат. Ошондой эле таза суунун таңсыктыгы бүткүл дүйнөдө байкалышы мүмкүн.
Окумуштуулардын айтымында, арктикалык аймактарда температура Жер шарындагы башка аймактарга салыштырмалуу бат жогорулап жатат. Бул планетанын климатын өзгөртүп, орду толгус жоготууларга алып келет.
2018-жылы NASA орбитага метеорологиялык спутникти ишке киргизүүнү пландоодо. Аппарат арктикалык аймактардагы көрүнүштү көзөмөлдөп, окумуштууларга так маалыматтарды жеткирип турмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
BarsBaatyr

24.08.2016. 13:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биздин элдин азыр кантип нан таап балдарын баккандан башканы ойлогонго убактысы дагы жок.Бала-чака ачка отурганда Арктиканар менен кимдин иши бар?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.