Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 55 жаштагы Гроздь айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 23-август күнү саат 11:00 чамасында белгисиз жарандар жылкысын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Т.У. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.