super.kg logo
  Саясат  

Чолпон Жакупова: "Учурдагы Баш мыйзамга ылайык, депутаттардын да, президенттин да Конституцияга өзгөртүүлөрдү демилгелөөгө укугу жок"

 

"Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары Конституциянын жаңы долбоору менен таанышпай эле, өзгөртүүгө "макул" деп кол коюшту". Мындай пикирин кечээ, 24-августта тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова билдирди.

Ал депутаттарга президенттик аппараттан ушундай тапшырма түшкөн дейт. "Мен кесиптештерим менен сүйлөштүм. Алардын көбү долбоорду окубай эле кол коюшуптур. Башында 47 кол коюлган эле. Анан депутаттарды зордоп, бул санды 87ге жеткиришти", - деп нааразычылыгын айтты Жакупова.

"Конституцияны өзгөртүүнүн демилгечиси ким экенин мен жөндөн-жөн эле сураган жокмун. Бири президент деп жооп берип жатат, башкасы Жогорку Кеңеш деп жатат. Учурдагы Баш мыйзамга ылайык, парламенттин депутаттары Конституцияга өзгөртүүлөрдү демилгелөөгө укугу жок. Президент болсо эч кандай мыйзам долбоорун демилгелей албайт. Конституция боюнча тыюу салынган укукту өзүңөргө алып жатасыңар. Бул – кылмыш, бийликти узурпациялоо болуп саналат", - деди депутат.


кошулду





Конституцияны өзгөртүүгө депутаттарды зордошкону айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: