super.kg logo

Бишкекте жол эрежесин сактоого чакырган "Автоледи" аталышындагы сынак өтүүдө

 
Коштоп жүргөн патрулдук милиция кызматкери
Сынактын катышуучулары лимузин унаасынан түшүп жатышат.
Көрүүчүлөр
Катышуучу
Байкерлер өз өнөрлөрүн тартуулоо алдында турушат.
Сынактын катышуучусу суроолорго жооп берүүдө.
Мелдештин катышуучусу сахналык көрүнүштөн үзүндү аткарууда.
Калыстар тобу катышуучулардын өнөрлөрүн кароодо.
Улуттук оймо-чиймелер менен жасалгаланган катышуучунун унаасы
Катышуучу кыздар жол белгилеринен турган суроолорду тандап жатышат.

Бүгүн, 24-августта Бишкекте "Автоледи" аталышындагы сынак өтүүдө. Иш-чарага катышып жаткан кыздар жолдо жүрүү эрежелерин көрсөтүп жатышат. Сынак жол эрежелерин сактоого чакырык катары Бишкек шаардык патрулдук милициясы тарабынан уюштурулган.

"Иш-чарада катышуучу кыздар жол белгилеринин түшүндүрмөсүн жана унаанын айрым тетиктеринин аттарын атап беришет. Ал эми байкерлер өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Мындан сырткары катышуучуларга жол кыймылына байланыштуу суроолор берилет", - дейт Бишкек шаардык патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Сейит Бейшеналиев.

Маалыматка ылайык, буга чейин "Автоледи" сынагынын тандоо туруна 50 кыз катышып, алардын ичинен 10 кыз жеңүүчү деп табылган. Жеңүүчү аталган кыздар борбор калаадагы бүгүнкү сынакка катышмакчы.

"Акыркы убакта айымдар арасында жол эрежесин бузган көрүнүштөр көп болуп жаткандыктан, ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз. Мелдештин катышуучуларына бир канча суроо-тапшырмалар берилет. Бул иш-чарадан башкалар да сабак алат деген ойдомун", - дейт Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.

Катышуучу кыздар өз унаалары жөнүндө маалымат беришип, көрөрмандарга жол эрежелерин сактоо зарылчылыгын айтышты. Ошондой эле алар сынактын алкагында бий бийлеп беришти. Алардын өнөрлөрүн атайын дайындалган калыстар тобу баалайт.

"Автоледи" сынагында белгилүү эстрада ырчысы Асел Турдалиева жана бокс боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров калыстык кылды. Мындан сырткары Юлия Руцкая көрүүчүлөргө көтөрүңкү маанай тартуулап, жагымдуу чыгарма аткарып берди.






"Автоледи" сынагынын башталышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: