super.kg logo

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата 31-августта Бишкек шаарында өткөрүлүүчү иш-чаралардын программасы жарыяланды

 

Тарых жана маданият жылына карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын берген маалыматтары боюнча, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата 31-августта Бишкек шаарында өткөрүлүүчү иш-чаралардын программасы:

Убактысы

Иш-чаралар

Эртең мененки блок

09:00-09:40

Параддык эсептердин колонналарынын "Ала-Тоо" аянтына жылышы жана тизилиши.

09:40-09:45

Параддын кол башчысынын команда бериши. Мамлекеттик туу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн байрагы алынып чыгат.

09:55

КРнын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы А.Ш.Атамбаевдин келиши.

10:00

Фанфаристтердин чыгышы. Фанфарлар жаңырат. Параддын башталышы.

10:03-10:11

КР КК Башкы штабынын башчысынын жана параддын кол башчысынын аскерлер менен учурашуусу, куттуктоосу.

10:11

Кыргыз Республикасынын Президентинин

А.Ш.Атамбаевдин куттуктоо сөзү.

10:20

Парадга катышуучулардын салтанаттуу марш менен басышы, аскер техникасынын өтүшү жана авиациянын учушу.

10:40

Аскердик параддын бүтүшү.

Күндүзгү блок

10:00-15:00

Ататүрк атындагы сейил багында Бишкек шаарындагы райондордун, конуштарынын майрамдык иш-чаралары.

12:00-15:00

Эски аянтта Кыргыз Республикасынын Элдеринин ассамблеясынын жамаатынын, кыргыз эстрада жылдыздарынын, ЖОЖдордун студенттеринин концерттик программасы. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү. Спорттук мелдештер.

Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жана Улуттук филармонияда концерттик программалар, филармониянын жанындагы Жаштар аллеясында сынактар, викториналар өтөт.

17:00-17:30

"Улуттук кийимдер" акциясы.

Улуттук ат оюндары

10:00 – 11:30

Көк бөрү боюнча КР Президентинин кубогу үчүн 3-4-орун үчүн оюн.

11:30 – 13:00

Көк бөрү, финалдык оюн.

13:00 - 13:50

Расмий бөлүм. Сыйлыктарды тапшыруу аземи, концерттик программа.

13:50-15:30

Кунан чабыш, жорго салыш, ат чабыш.

16:00

Жабылышы.

Кечки блок

20:30-20:55

КР Көз карандысыздыгынын 25 жылдык мааракесине жана Тарых жана маданият жылына арналган театрлаштырылган пролог.

20:55-21:00

Алып баруучулар расмий бөлүктүн ачылышын жарыялайт. КРнын Мамлекеттик гимни жаңырат.

21:00

Куттуктоо сөз.

21:05

Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада артисттеринин концерттик программасы.

23:00

Майрамдык фейерверк.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
24.08.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан көрө чек араны чечкиле.
24.08.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы арабызга майрамдайбыз .
24.08.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башына [moderated] келип конуп турса кантип майрамдайсынар кайсы эгемендуулугун ((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: