№1-СИЗОдо 21 жаштагы айыпталуучу асынып алды

№1-СИЗОдо 21 жаштагы айыпталуучу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
“Окуя 23-август күнү саат 16:00 чамасында болгон. Анда 1995-жылы туулган Айбек аттуу айыпталуучу өз шейшеби менен асынып алган. Ал алдамчылык боюнча айыпталып камалган. Ошол учурда жанында эч ким жок болгон. Ошондой эле анын денесинен эч кандай жарааттын издери табылган эмес. Учурда окуя тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
-2

алдай беришет
Балким куру жалаадан намыстангандыр, же тергоочулордун сурак-кыйноосунан каза тапты.....