Президент Алмазбек Атамбаев кыркка чукул адамдын өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу Италиянын президентине көңүл айтты
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 24-августта Италиянын президенти Серж Маттареллага өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү адамдын өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.
Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Атамбаев телеграммасында өзүнүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан курман болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.
23-августтан 24-августка караган түнү 6 баллдан ашкан жер титирөөдөн Италиянын Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы имараттар зыянга учурады. Кеминде 38 адам каза таап, 100гө жакыны дайынсыз болуп жатканы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

конул айтаар киши жок
Дайыма саммит андай мындайларда
жолугат каримовго, анан аны менен
эркекче суйлошо албагандан кийин
эмнеси президент. Бир гана конул
айканда билет
Чек аранын айланасы жоо жалан.
Эл башчылар иши болбой эл менен.
Эмне болуп баратасын оо заман......?
Моонотунуз буткучокту Кыргызстанды бир кыдырып эл менен жолуксаныз болот беле. Баары сизди сагынуу менен кутуп жатышат...
Көңүл айтуу мамлекет аралык мамилелерде расмий деңгээлде колдонулуучу кызматтык этиканын (деловая этика) бөлүгү болуп саналат. Б.а. бул нормалдуу эле көрүнүш, ушундай болуш керек, болуп келген, ушундай болушу шарт.