4-майда Бишкектен Бурана мунарасына чейин веложүрүш болот
4-майда Бишкек шаарынан Чүй облусундагы Бурана мунарасына чейин веложүрүш болот. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Айта кетсек, иш-чарага катышуучулар бул күнү борбор шаардагы эски аянтка саат 9:00гө чогулушат. Ал эми жүрүш айланып өтмө жолдун (объездная) Кант шаарына бурулган жеринен саат 11:00дө башталат. Вело жүрүшчүлөр Токмок шаарындагы Манап бийдин эстелигинен бурулуп, Бурана мунарасына жетип токтойт. Бул иш-чара жаштарды сергек жашоого үндөө жана Бурана мунарасы менен тааныштыруу максатында уюштурулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















