super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-АВГУСТ: Мындан 789 жыл мурун Улуу Монгол империясын негиздеген Чыңгыз хан көз жумган

 

Мындан 789 жыл мурун, 1227-жылы 25-августта монголдорду бириктирип, Улуу Монгол империясын негиздеген, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан Хуанхэ дарыясынын жанында дүйнө салган. Анын кандайча каза болгону тууралуу ар кандай божомолдор айтылат.

Темучин түбөлүк жашоону, өлбөстүктү каалаган. Ооруп калганда ордосуна түбөлүк жашоонун сырын билген даос кечилин чакырткан. Анткен менен ал ар бир адамдын башында турган өлүмдөн кутула алган эмес.
Чыңгыз хан акыркы керээзинде мураскорлукка Бортэ төрөгөн үчүнчү уулу Угедейди калтырарын айткан. Салтка ылайык, Чыңгыз ханды жерге бергенден кийин анын зыйнатына катышкан аскерлер, кулдар, сулуу кыздар да өлтүрүлгөн. Алар муну хандын жайын ашыкча адам билбесин деген максатта жана анын кийинки жашоосунда аскерлер, кулдар керек болот деген түшүнүк менен жасашкан.
Хандын сөөгү ал энеси менен бала кезинде жашаган тоого коюлуп, бирок ушул күнгө чейин Темучиндин бейити табылбай келет.
25-августтун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: