Түркиянын аскерий операциясын Сирия өкмөтү айыптоодо

Түркиянын аскерий операциясын Сирия өкмөтү айыптоодо. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, 24-август күнү Түркия Сириянын аймагындагы Жераблус шаарын “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтун согушкерлеринен бошотуу үчүн атайын операциясын баштаган. Алгач артиллериялык аткылоолор болуп, ал аба чабуулдары менен коштолду. Ал эми түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган бул операция “Ислам мамлекети” деп аталган топту жок кылууга жана Сириянын өзүнүн аймагынын бүтүндүгүн сактоого багытталганын билдирген. Бирок Сирия өкмөтү Түркиянын аскерий операциясын айыптоодо.
Айта кетсек, Жераблус шаары Түркия менен Сириянын чек арасына жакын жерде жайгашкан. Шаар 2013-жылдан бери “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтун карамагында турат.




1 |