"Анара Дауталиеванын ачкачылыгы кимдир бирөөнүн буюртмасы болушу мүмкүн" дейт Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов

Ачкачылык жарыялаган Анара Дауталиева
Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин конференциясында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов сөз сүйлөп жатып Анара Дауталиеванын ачкачылыгы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: “Анын талабы боюнча бала бакчалардын 200дөн ашык кызматкерин кызматтан кетирүү керек болгон. Бул мүмкүн эмес, мен андай кыла албайм. Мен прокуратурага ал адамдын моралдык ден соолугун текшерүүнү өтүнүп кат жаздым”.
Ошондой эле Албек Ибраимов аталган ачкачылык кимдир бирөөнүн буюртмасы болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 24-августта бала бакчалардагы балдарга темир жолду майлоочу майды беришкенин айткан Анара Дауталиева ачкачылык жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bars_wire

25.08.2016. 11:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокуй десе.темир жол майлаган май дейби?Адамдар ушунчалык мээримсиз болуп бара жатабы же бул эжебиз ашыкчасы менен болуп жатабы.Кантип дити чыдап темир жол майлаган майды беришет.Бут денен дуркуройтко.
zamir-bek

25.08.2016. 12:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул аялдын крышасы качан эле тайып кеткен. Атын чыкпаса жер ортто болуп атат. Жакындале бир кафеден тамак ичсем ичим отту деп, пикет кылып жургон. Ушуга окшогон артистерден кудай сактасын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.