super.kg logo

Орусиялык телеалпаруучу Дмитрий Шепелев ырчы Жанна Фриске тууралуу китеп жазып чыкты

 
Дмитрий Шепелев менен Жанна Фриске

Орусиялык телеалпаруучу Дмитрий Шепелев маркум ырчы Жанна Фриске тууралуу китеп жазып чыкты. "Жанна Фриске" деп аталган китептин качан жарыкка чыгары тууралуу азырынча так маалыматтар жок. Ал эми Орусиялык басылмалардын билдиргенине караганда, китеп ушул жылдын сентябрь айында жарык көрөрү пландалууда. Анда Дмитрий Шепелев менен ырчынын кантип таанышып калганы, мамилелери, уулу Платондун төрөлүшү жана үй-бүлөсүндөгү бактылуу учурлары баяндалганы айтылууда.

Белгилей кетсек, 2013-жылы 7-апрелде Жанна Фриске өзүнөн 9 жаш кичүү телеалпаруучу Дмитрий Шепелев экөө уулдуу болуп, атын Платон коюшкан. Көз жаргандан 2 ай өтпөй Жаннанын ден соолугу начарлаган. 2014-жылы январь айында Жаннага 4-даражадагы глиобластома (мээнин залалдуу шишиги) диагнозун коюшкан. Ал Германия, АКШнын клиникаларында дарыланган. Аны дарылатуу үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпысынан 70 миллионго жакын рубль жыйналган. Айыккыс дарт менен алышкан ырчы 2015-жылы 15-июнда 41 жашында дүйнөдөн кайткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.08.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун татына кыз экен эле
25.08.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жаман көрүп калдым ушуну,эптеп китепти сатып акча табуу да максаты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: