super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров Фарид Ниязовго "Фарид, сен кимсиң? Текебаевдин деңгээлине жетиш үчүн сага 15 диплом керек" деди

 

"Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикирин айткан Өмүрбек Текебаевге ыраазычылык билдирем", - деди бүгүн, 25-августта "Биримдик жана туруктуулук үчүн" форумунда саясатчы Адахан Мадумаров.

Анын айтымында, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовго Өмүрбек Текебаевдин деңгээлине жетиш үчүн 15 диплом керек. "Аймактарда жарандар саясатта эмне болуп жатканын телеберүүлөрдөн көрүшөт. Мамлекеттик телеканалдар Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жаткан жыйындардан сюжеттерди бир тараптуу көрсөтүп жатат. Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы пикир айткандардын сөздөрүн элге жеткирбей жатышат. Фарид Ниязов эмне десе, кандай гана жалган сүйлөсө, ошону гана көрсөтүшүүдө. Фарид, сен кимсиң? Өмүрбек Текебаевге жетиш үчүн сага 15 диплом керек", - деди Мадумаров.

Мындан тышкары ал форумдун катышуучуларын Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө жол бербөөгө чакырды. "Бүгүн биз бир чечимге келип, референдумга каршы пикирибизди билдиришибиз керек. Референдум өттү дегиче бүттү десек болот", - деген оюн айтты саясатчы.

Айта кетсек, аталган форумга президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов чакырылган, бирок ал келген жок.






Мадумаров: "Фарид Ниязов, сен кимсиң?"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: