super.kg logo

Абакта жазасын өтөп жаткан 6 миңден ашык адамдын жарымынан көбү жалпы орто билимге ээ

 

Учурда абактарда жазасын өтөп жаткан 6 миңден ашык адам бар. Бул тууралуу бүгүн, 25-августтагы маалымат жыйыны учурунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбия иштери боюнча башчысынын орун басары Максатбек Турпанбаев билдирди.

Алардын 3 миңден ашыгы жалпы орто билимге ээ болсо, 178 адамдын гана жогорку билими бар. Ал эми 252 адам 5-класска чейин гана окуган. 52 адамдын сабаты жоюлган эмес. Аларга кесиптик билим берип, жумушка орноштуруу боюнча иштер жүрүүдө. Алсак, 2015-жылы 1873 адам жумуш менен камсыз болгон. Ошондой эле учурда тикмечи болуп иштеп жаткан 196 аял бар. Аларды абактан чыккандан кийин да жумуш менен камсыз кылуу ойлорубуз бар. Эл аралык абактык реформа уюму сунуштап жаткан долбоордун бизге пайдасы тиет. Анткени соттолгондор иштеп, үй-бүлөсүнө жардам берип, доолордун ордун толтуруусу маанилүү”, - деди Максатбек Турпанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
25.08.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bawy jakwy iwtegen adam kylmyw kylbait da ozu,kyrsyk ele bolup ketpese
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: