№1-СИЗОдо асынып алган 21 жаштагы айыпталуучу буга чейин бир канча жолу сот жообуна тартылган
№1-СИЗОдо 21 жаштагы айыпталуучунун асынып алышынын себеби тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбия иштери боюнча башчысынын орун басары Максатбек Турпанбаев билдирди.
Анын айтымында, асынып алган айыпталуучу буга чейин бир канча жолу соттолуп, тергөө абагына 7-жолу камалган.
“Ал кургак учук менен ооручу. Ошол күнү ооруп жатканын айтып, сейилдөөгө чыккан эмес. Учурда анын өз шейшеби менен асынып алышынын себеби такталууда”, - деди Максатбек Турпанбаев.
Айта кетсек, 23-август күнү саат 16:00 чамасында №1-СИЗОдо 21 жаштагы айыпталуучу асынып алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.