super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Конституцияны өзгөртүүгө мыйзам жол бербейт"

 

"Конституцияны өзгөртүүгө мыйзам жол бербейт". Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 25-августта Бишкекте өтүп жаткан "Биримдик жана туруктуулук үчүн" форумунда билдирди.

"Мыйзамдарды референдумга чыгарса болот, бирок референдумду өткөрүүнүн тартиби жана референдумга чыгарылчу мыйзамдардын тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталат. Конституциянын кээ бир нормалары түз иштейт, бирок Конституцияны өзгөртүү боюнча түз иштебейт. Ошондуктан референдумду өткөрүүнүн тартибин аныктаган жаңы конституциялык мыйзам керек. Фарид Ниязов (президенттик аппараттын башчысы - ред.) "Референдум жөнүндө" мыйзам кабыл алынмайынча референдум өткөрө албайт. Конституция буга чек койгон", - деди Текебаев.






Текебаев: "Конституцияны өзгөртүүгө мыйзам жол бербейт"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: