Борбор калаада тоноочулукка шектелип 35 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды

Борбор калаада тоноочулукка шектелип 35 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы Н.Т. кайрылган. Анда ал 24-августта саат 15:00 чамасында 30-35 жаштардагы бейтааныш киши анын үйүнүн жанынан күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун 35 жаштагы У.Х. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.