super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футболчуларына каршы ойной турган Казакстандын курамы бекитилди

 

30-августта Бишкекте футбол боюнча Казакстан курамасы менен Кыргыз Республикасынын курамасы жолдоштук беттеш өткөрөт. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган беттешке саат 20:00дө старт берилмекчи.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, бул беттешке карата машыгуу сборуна чакырылган футболчулардын тизмеси төмөнкүчө:

Дарбазачылар: С.Покатилов ("Кайрат"), Д.Лория ("Иртыш"), В.Плотников ("Кайрат").

Коргоочулар: Д.Шомко ("Астана"), Ю.Логвиненко ("Астана"), Г.Суюмбаев ("Кайрат"), А.Бейсебеков ("Астана"), С.Малый ("Астана"), Е.Ахметов ("Иртыш"), В.Дмитренко ("Тобол").

Жарым коргоочулар: С.Смаков ("Ордабасы"), И.Куат ("Кайрат"), Б.Исламхан ("Кайрат"), М.Байжанов ("Шахтёр"), А.Нургалиев ("Астана"), С.Мужиков ("Астана"), А.Тагыберген ("Астана"), А.Мухутдинов ("Тобол"), С.Лунин ("Кайрат").

Чабуулчулар: С.Хижниченко ("Тобол"), Ж.Молдакараев ("Окжетпес"), Т.Нусербаев ("Астана"),
Р.Муртазаев ("Иртыш").

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы даярдыгын бүгүн баштамакчы. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин машыгуу сборуна 23 футболчуну чакырган.

Бул беттештен кийин казак футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Польша курамасы менен беттешет. Оюн 4-сентябрда "Астана-Арена" стадионунда орун алат. Ал эми өлкөбүздүн футболчулары 6-сентябрда жолдоштук беттеште Филиппин курамасына каршы турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.08.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии Жакшы алга кыргызстан мы с вами...уэфада ойногондор чогулганго...атлетико мадрид менен 1-1 ойногондо катышкандар...билеттер канчадан админ...
25.08.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кобунчо кайрат менен астананын оюнчуларыго казактарда.
25.08.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак курамасы жакында кытайды барып утуп,грузия менен тен ойноп келишти ошондода не дейбиз алга КЫРГЫЗ алга!!!дегенден тажабайбыз
26.08.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга кыргыз
26.08.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крестинин байке кетип калбасында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: