super.kg logo

Бишкекте талапка жооп бербеген жол белгилери, дарактын шактары тосуп калган жол чырактар ондоп саналат (фоторепортаж)

 
Электр мамысына орнотулган жол белги
"Сол тарапка жүрүүгө мүмкүн эмес" деген белги коюлган эмес.
Жолдун ортосундагы канализация кудугу
Сырдалбаган дөңсөө
Белгиси жулунган мамы
Жолдун жөө адам өтүүчү бөлүгүндөгү белгинин өңү өчүп, билинбей калган.
Шак тосуп калган жол белги
Дарактын шактары тосуп калган жол чырак

Учурда Бишкекте шаардын көчөлөрүн, борбордук аянттарды иретке келтирүү жумуштары кызуу жүрүүдө. Алдыда Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн жолугушуусу өткөрүлмөкчү. Жолугушууга уюмга кирген өлкөлөрдүн президенттери катышат. Бул үчүн тийиштүү кызматтар коноктор жүрүүчү борбордук көчөлөрдү иретке келтирүүдө. Ал эми шаардын башка көчөлөрү кароосуз калгандай.

Өлкөнүн жүзү болгон Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө дарактардын шактары тосуп калган жол чырактар менен жол белгилерине күбө болдук. Мындай абал айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, жол кырсыгына алып келери шексиз. Мындан улам Бишкек шаарында көпчүлүк байкабаган, талапка жооп бербеген жол белгилерин сүрөткө тартып, коомчулукка жарыялоону туура көрдүк.

Ал эми шаардагы адам көп өтүүчү аймактарда жолго чийилген жол белгилеринин (пешеход) өңү өчүп, айдоочуларга да, жөө адамдарга да көрүнбөй калган. Мындан сырткары Кулиев көчөсүндө жолго төшөлгөн ылдамдыкты азайтуучу дөңсөө тиешелүү түстөргө сырдалган эмес. Ал тургай "алдыда жол белгиси бар" деген белги да орнотулган эмес. Ошол эле аймакта жол белгиси коюлган мамы кыйшайып, жол белгиси жок турганын көрүүгө болот.

Борбор калаада кыйшайып, боёгу кетип калган, электр мамысына илинген жол белгилерин көзөмөлдөгөн кызмат жоктой. Мындай учурларда айдоочу белгини көрбөй калуусу ыктымал. Мындан улам жол кырсыгы катталып, адам өмүрүнө зыян алып келиши мүмкүн.

Унаалардын агымы көп өтүүчү Жибек-Жолу көчөсүндө жол чырак орнотуу зарылчылыгы жаралган аймактар бар. Жол чырак коюлбаган жерлерде негизги жолго чыгуучу унаа бир канча убакытка күтүп, айрым убактарда жол кырсыгы болуп кетүү коркунучу бар экендиги байкалат. Ал эми шаардагы көчөлөрдө айдоочуларга тоскоолдук жараткан канализация кудуктары жолдун деңгээлинен бир канча төмөн курулуп, андан айланып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кырсыкка кабылары айныксыз чындык.

Жол белгилери - айдоочулардын да, жөө жүрүүчүлөрдүн да жолдогу жашоосуна нускама. Ал эми нускама көрүнүктүү жана түшүнүктүү болушу шарт экенин белгилеп кетсек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.08.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаны эле пешеходто очуп кетиптир корбой бироону сузуп ала жаздадым кудай сактады!
Канализация тешиктери ой жанды чыгарат кээде корбой калып тушуп кеткен кундор канча!
Айтоор мэрия аман эле болсун!!!
26.08.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooba aman ele bolushsun osho chunkura meriya ozu tushup keteleginde ondotso eken
26.08.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо айта берсе арман коп. Ауезова анкара кочосунун кошулушуна бир светофор кое албай коюшту. Кырсыктар да коп болот.Балдар отсо журок зырп дейт.....канчага чейин зырпылдатабыз билбейм.
26.08.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте жол белгилер очуп кетиптир,Ошто коп эле жол чырактын алдында дагы жоо адамдар отуучу белгилер омурундо сызылбаган,Гагарин кочосундогу жол чыракты деги эле он кылып илишпеди,кайсы олкодо озун он жакта баратсан,жол чырак он жакта болгондо дагы тобоно илинсин,жол чыракка токтоп,тобону карап отурасында чиркин.
26.08.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жол белгилер да иретсиз бирөө столбанын капталында, бирөө аллеядагы бакта. бирөө артты карап калган. ПМ аларды билип, атайын белги көрүнбөгөн жерге туруп алышат.
26.08.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Акназар мырза! Көптөн бери ойлоп журдум эле, эмнеге ушул көйгөйдү көтөрүп чыгышпайт деп. Буюрса мэрияга кабарыңыз жетип, көптөгөн айдоочуларга пайдаңыз тийип, сооп аласыз деп ишенем!
26.08.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боконбаева/Молодая Гвардияны да бир карап койгулачы. Жол белгилеринин туура эмес коюлгандыгынан элдер каалагандай отуп журушот. Кырсык коп болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: