Өзбек ИИМи 4 кыргыз жаранын Өзбекстандын аймагында жүрүшкөндүктөн кармашканын айтышты

Өзбек ИИМи 4 кыргыз жаранын Өзбекстандын аймагында жүрүшкөндүктөн кармашканын айтышты. Бул тууралуу өзбек жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Ошондой эле ал жарандарга Өзбекстандын мыйзамы менен чара көрүлөрү жазылган.
Өзбек ЖМКларынын маалыматына ылайык, 22-августта Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Чартак районунун аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодо (өзбекче Унгор-Теп) паспорттук режимди текшерүүнү жүргүзүшкөн.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн, Кыргыз Республикасынын телемунарасында иштеген Урманов А.Р., Ташматов Ж.И., Эралиев У.А. жана Усупбаев Н.К. аттуу жарандар кармалган", - деп жазылган басылмада.
"Буга чейинки сүйлөшүүлөргө карабастан, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары 5 айдан ашуун убак Касанай районундагы Урта-Тукай айылынын жашоочуларын курчоого алып, гуманитардык жардамды киргизбей жатышат. Андан сырткары Касанай районунун милиция кызматкерин мыйзамсыз кармап, 10 күн өткөн соң гана чыгарышты", - деген өзбек ИИМи.




Шайлоодон парламенте баргандарга
Шашып бушуп мыйзам жазып ойлонбостон
Эл байкушту мажбурлап кыйнаганга
Алакандай жерибизди коргобостон
Алдырып башкаларга отурганга
Элибиздин эртенин ойлобостон
Эсептешет кызматын сактаганга
Элим журот ошолордон умут кылып
Максат менен жаркын жашоо келечектен
А бирок напси деген жаман экен
Байлык бийлик акчага жетелеген.